Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

Арменияда “Елк” фракциясы Пашинянды премьер-министрликке көргөздү


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Бирок учурда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Никол Пашинян буга чейин өзү билдиргендей, бул тактикалык максатта гана жасалган формалдуу кадам. Ал армян парламентинде, 24-oктябрдагы добуш берүүдө өкмөт башчылыкка шайланбашы керек.

“Елк” фракциясы Пашинянды премьер-министрликке фракцияларга талапкер көргөзүшү үчүн берилген мөөнөт аяктаганы калганда сунуш кылды.

Бийликке быйыл майда элдик толкундоолордун аркасында келген Никол Пашинян өткөн аптада кызматтан чегингенин жарыялаган. Бул кадамын ал учурдагы парламентти таратып, жаңы шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү аргасы катары түшүндүргөн.

“Кызматтан кетүүнүн максаты - премьер-министрдин кызматынан баш тартуу, жоопкерчиликтен качуу эмес, тескерисинче, биз чогуу ишке ашырган, кыянатчыл эмес, элдик "баркыт" ыңкылабын аягына чыгаруу, парламенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүп, бийликти элге кайтаруу”,-деген Пашинян 16-октябрдын кечиндеги теле кайрылуусунда.

Армениянын 2015-жылы кабыл алынган акыркы Конституциясына ылайык, эгер өлкөнүн Улуттук жыйыны премьер-министрди эки жолу дайындай албай койсо, ал таратылат жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо белгиленет. (UE)

XS
SM
MD
LG