Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:57

Түндүк Казакстанда ондогон айылдар жоюлат


Түндүк Казакстан облусундагы кыштактардын бири.
Түндүк Казакстан облусундагы кыштактардын бири.

Бул тууралуу Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова билдирди. Казак министри Орусия менен чектеш Түндүк Казакстан облусундагы сапары учурунда айткандай, бул аймактагы жашоочуларынын саны 10 же андан аз болгон 38 кыштак жоюлат. Алардын тургундары аймактын башка “дурус өнүккөн шаарчалары менен кыштактарына” көчүрүлөт.

Мадина Абылкасымова казак өкмөтү алдыда экономикалык жактан келечектүү айыл-кыштардын инфраструктурасы үчүн гана каражат бөлө турганын да кошумчалады.

Түндүк Казакстан Орусиянын Курган, Омск, Тюмень облустары менен чектешет. Аймактын 600 миңдей жашоочусунун 35% казактар, калгандары орустар, украиндер, поляктар жана немистер.

Мурдагы СССР чачыраганга чейин казактар Түндүк Казакстан облусунда калктын 22% гана түзгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG