АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу 23-октябрдын кечинде Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен кездешкен соң билдирди.
Болтондун айтымында, Вашингтон президенттер Трамп менен Путиндин 11-ноябрда Парижде жолугушуусу үчүн даярдык көрөт. Ал өзүнүн Путин менен 90 мүнөткө созулган сүйлөшүүлөрүн “абдан кеңири жана жемиштүү” деп мүнөздөдү.
Путин Болтон менен жолугушууда ал президент Дональд Трамп менен быйыл июлда Хельсинкиде башталган диалогду улантууну кааларын, пикир келишпестиктерге карабай, АКШ-Орусия ортосундагы диалогду сактоонун маанилүүлүгүн айткан.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Москвага бул жолку сапары 20-октябрда президент Трамп АКШ Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча 1987-жылкы келишимден чыга турганын жарыялагандан кийинки учурга туш келди.
Трамп 22-октябрдагы сөзүндө анын өзөктүк келишимден чыгуу тууралуу чечими Москва ошол келишимдин шарттарын бузганына эле эмес, Кытай өзөктүк кубатын чыңдап жатканына да байланыштуу экенине токтолду.
АКШ Орусияны бул келишимди бузуп жатканы үчүн 2014-жылдан бери ачык айыптап келген. Орусия болсо Вашингтондун дооматтарын четке кагып жүргөн.
Трамптын жарыясынан кийин орусиялык расмий өкүлдөр АКШнын келишимден чыгышы “опурталдуу” кесепеттерге алып барарын эскертишкен.
Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон.
Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. Кытай бул келишимде камтылган эмес.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШны сынга алып, аны глобалдык стратегиялык тең салмактуулукка тиешеси бар маселеге “аяр” мамиле кылууга чакырган. (UE)