Бүгүн, 24-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, мамлекет башчы Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушат жана социалдык объекттерге барат.
Президенттин катышуусу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземи болот. (КЕ)