Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:35

Бишкек-Ош: Жол кырсыгы эки өмүрдү жалмады


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 165-чакырымында (Суусамыр жайлоосу) жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Окуя 24-октябрга караган түнү болду. Оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн "Toyota Land Cruiser" автомашинасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапты.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG