Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мурдагы депутат Улукбек Кочкоровду эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына сунуш кылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
Эреже боюнча, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына талапкерди өкмөт башчы сунуш кылып, парламент бекитет. Жогорку Кеңеш бул маселени качан карай турганы азырынча белгисиз.
Улукбек Кочкоровду колдоп берүү тууралуу премьердин каты парламенттеги тармактык комитеттерге келип түшкөнү кабарланды.
44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында "Ата Журт" партиясынан депутат болгон. Былтыр президенттик шайлоодо да ат салышкан. Учурда "Жаңы доор" саясий партиясын жетектейт.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана анын орун басарларынын орду 11-октябрдан бери бош турат. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуш кылган. Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган.
Ошондон кийин министр Таалайкүл Исакунова, анын орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Анын алдында Түштүк Кореяда аэропортто болгон окуя үчүн министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова иштен алынган. (NT)