Бүгүнкү күндө 1800дөй кыргыз жараны чет мамлекеттерде абакта отурат. Бул тууралуу бүгүн парламентте баяндама жасап жатып акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.
Ушу тапта 1400гө жакын кыргызстандык Орусиянын, калгандары Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана башка чет мамлекеттердин түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатышат.
Чет жакта абакта отургандардын 35% баңгизат менен кармалган, 30% зордук-зомбулук үчүн соттолгон.
Расмий маалыматка караганда, чет жакта мигрант болуп жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миңдин тегерегинде, башка маалыматтарда алар бир миллиондон ашуун экени айтылып жүрөт. (RK)