Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Өспүрүмдөр суициди: үй-бүлөлүк чыр биринчи орунда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үй-бүлөлүк чыр жана ата-эне менен пикир келишпестик өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусунун башкы себеби болууда. Бул тууралуу бүгүн парламентте баяндама жасап жатып акыйткачы Токон Мамытов билдирди.

- Балдар өз жанын төмөнкүдөй себептер боюнча кыйган: 40 бала ата-энеси менен чыр-чатактан кийин, ата-энеси менен бирге жашабагандыгы үчүн 7, оорусуна байланыштуу 4, материалдык себеп болгонунан 2, аныкталбаган себептер 23, - деди акыйкатчы.

Мамытов 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы суицидге байланыштуу 95 факт катталганын айтты. Алардын 56сы эркек, 39у кыз балдар болгон. 92си мектеп окуучулары, коллеж студенти үчөө. (RK)

XS
SM
MD
LG