Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Болтон: Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү "эч кандай натыйжа бербейт"


Владимир Путин менен Жон Болтон.
Владимир Путин менен Жон Болтон.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Москвадагы сапарын жыйынтыктады. Өзүнүн айтымында, ал орус бийлигине АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө жол берилбей турганын айткан. Ошондой эле ал Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишсе деле анын жыйынтыгына эч кандай таасир этпей турганын белгиледи.

Болтон 23-октябрда орус президенти Владимир Путин менен жолуккандан кийинки сөзүндө АКШ "шайлоого кийлигишти" деп айыптап жаткан орусиялык адамдардын аракети 2016-жылдагы шайлоонун жыйынтыгына таасир эткенине эч кандай далил жоктугун билдирди. Бирок ал мындай аракеттер Вашингтондо Орусияга карата жалпы ишенбестикке себеп болгонун кошумчалады.

Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишкенин бир канча жолу четке каккан, бирок Путин "айрым "мекенчил хакерлер" өз алдынча аракеттенген болушу мүмкүн" деген оюн билдирген.

Америкалык прокурорлор 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү күчөп турган маалда ГРУнун (Башкы чалгын башкармалыгынын) агенттер тобун "Демократиялык партиянын улуттук комитетинин электорондук каттарын бузуп, окуган" деп айтыптаган. Демократтар бул каттардын "Wikileaks" сайтына жарыяланышы Трамптын атаандашы Хиллари Клинтондун шайлоодогу беделине терс таасир эткен деп эсептешет.

19-октябрда америкалык прокурорлор "ноябрга белгиленген Конгресстин шайлоосуна таасир этүү өнөктүгүнө катышкан" деп орусиялык аялды айыптады.

XS
SM
MD
LG