Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Москва-Дүйшөмбү каттамында бараткан төрт жашар тажик бала чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шаршембиге караган түнү "Урал аба жолдорунун" Москва-Дүйшөмбү каттамы менен учуп бараткан төрт жашар бала чарчап калды. Авиакомпания "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргенине караганда, учак жерден көтөрүлгөндөн кийин эле бала кыйнала баштаган. Натыйжада учак Оренбургга конууга аргасыз болгон, бирок бул кезде бала чарчап калганы аныкталган. Анын сөөгү азыр Оренбургда экени кабарланды.

"Урал аба жолдору" ишканасынын билдиргени боюнча, көз жумган бала Тажикстандын жараны болгон жана ал байкеси менен учуп бараткан.

XS
SM
MD
LG