Кошмо Штаттар оппозициячыл журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сауд Арабиясына “Магнитский мыйзамына” ылайык санкция киргизүүнү караштырууда. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шейшембидеги маалымат жыйынында журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда, АКШ биринчи кезекте Сауд Арабиясынын жарандарына берилген визаларды жокко чыгарууга ниеттенүүдө.
Мамлекеттик департамент билдиргендей, бул 21 саудиялыкка тиешелүү болот.
Майк Помпео Вашингтон Эр-Риядга экономикалык санкция киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн да караштырып жатканын кошумчалады.
Кийинки кездерде АКШда жашап, “The Washington Post” гезитине сауд падышалыгын сындаган макалаларын жарыялап келген Жамал Хашогги 2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна кирген боюнча дайынсыз жоголгон. Алгач расмий Эр-Рияд журналист дипломатиялык өкүлчүлүктөн чыгып кеткенин билдирген болчу. Бирок Хашогги чыны менен эле консулдукта каза тапканын Сауд Арабиясы 20-октябрда гана мойнуна алды. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 23-октябрда АК партиянын парламенттеги жыйынында "аны өлтүрүү күн мурунтан пландалган" деп билдирди.