Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Бурулайдын атасы: министрдин мени "жолугушууга чакырдым" дегени жалган


Маркум Бурулай Турдаалы кызы.
Маркум Бурулай Турдаалы кызы.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө киши колдуу болгон Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзүн жолугушууга чакырбаганын "Азаттыкка" билдирди. Ал министрдин Бишкектеги басма сөз жыйынында айткан сөзүн четке какты. Кожоналиев эгерде Жунушалиев чакырса барып, арыз-муңун айта турганын кошумчалады:

- Мен баш тарткан эмесмин. Ал мени чакырган жок. Жалган сүйлөй бербесин. Май айында кызымды жерге бергенден кийин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго кирип чыккам. Чакырса бармакмын да? Милиция кызматкерлерине бир эле беренени коюп коюп, өздөрүнө тартып атышпайбы. Видеокамерадагы жазууларды "тергөө бүткөндөн кийин көрсөтөбүз" дешкен. Тергөө бүткөндөн кийин ал жок болуп отурат. "Өчүп кеткен" деп атышат. Башында "баары камерага тартылган, жазуулар бар" деп айтышкан. Ошондуктан бул жерде кылмышка милиция да аралашкан деп шектенип атам.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 24-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиевди жолугушууга чакырып, бирок ал баш тартып, келбей койгонун билдирген.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге бул ишти катуу көзөмөлгө алуу менен маркумдун атасын кабыл алууну тапшырган. Бирок кандуу окуяда кызынан айрылган Турдаалы Кожоналиев министр менен жолугушуу болбогонун айтып келген.

Окуядан кийин 23 милиция кызматкери тартиптик жазага тартылып, 13ү иштен бошотулган.

Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин Бишкектин Свердлов райондук соту сентябрдан тартып карай баштады. Бүгүн, 24-октябрдагы териштирүү күбөлөр келбей калгандыктан 25-октябрда саат 15.00гө жылган. (NT)

XS
SM
MD
LG