Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Самаркандда 21 адам хот-дог жеп ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Самарканд шаарында 21 адам хот-дог жеп ууланды, жетөөнүн абалы оор. Бул тууралуу жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгына таянып, turon24 агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Сартепа конушунда жашаган тургундар уулануу белгилери менен "Тез жардамга" кайрылган.

Алар хот-догду дыйкан базарына жакын жердеги тез татымдан алып жешкен. Санэпидкөзөмөл борборунун чечими менен аталган тамактануучу жай жабылып, текшерүү башталды. Ишти прокуратура да карап жатат.

XS
SM
MD
LG