Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Жогорку Кеңеште мектептердин абалы боюнча өкмөттүк саат өтөт


Оштун Кара-Суу районунда жаңы мектептин ачылышы. 2018-жыл.
Оштун Кара-Суу районунда жаңы мектептин ачылышы. 2018-жыл.

Парламентте өлкөдөгү мектеп жана билим берүү мекемелерин куруу жөнүндө “өкмөттүк саат” өтөт.

Буга чейин маселе тармактык комитетте талкууланган. Анда белгилүү болгондой, 2018-жылдагы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча "255 объектинин тизмеси каржыланат" деп көрсөтүлгөн.

Ага кете турган чыгымдардын эсеби 2 млрд. 288 млн. 444 миң сомду түзөт. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, октябрга чейин 35 мектептин, төрт бала бакчанын курулушу бүткөрүлгөн.

Буга чейин Булан институту мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, иш жүзүндө кооптуу абалда турган мектеп имараттары кыйла көп.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Кыргыз өкмөтү мамлекет 600дөй жаңы мектепке муктаж экенин белгилейт. Республика боюнча азыркы тапта үч нөөмөт менен окуп жаткан 158 мектеп бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG