Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Каптагаев: саясий негизде соттолгондордун иши кайра каралышы керек (видео)


Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда соттолгон саясатчылардын иши кайра каралышы керек.

Мындай пикирин президенттик аппараттын мурдагы башчысы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев 24-октябрда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасына катышкан учурда камактагы саясатчылар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди:

- Саясий туткундар боюнча маселе каралышы керек. Муну бир жыл же дагы бир аз убакытка чейин көрмөксөн-билмексен болуп коюуга болот. Бирок Атамбаевдин убагында саясий куугунтуктун, саясий негизде соттолгондордун иши кайра каралбаса, коом ичиндеги пикирлер кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн.

"Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы 24-октябрдагы чыгарылышында Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкендигинин бир жылдыгына байланыштуу Кыргызстандагы саясий-экономикалык өзгөрүүлөрдү талкуулаган.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30дан ашат. Жээнбеков бийликке жаңы келген айларда комиссия түзүлүп, 30дан ашык киши саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, аларга карата сот чечимдери кайра каралышы мүмкүндүгү айтылган. Бирок бул маселе көтөрүлбөй, иштердин басымдуу бөлүгү карала элек.

Кыргызстанда учурда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов баштаган бир катар саясатчылар түрмөдө отурушат. Аларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буюртма катары баалашат. (NT)

XS
SM
MD
LG