Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Момбеков: Таластыктар Жогорку Кеңештин алдына чыкканы жатат (видео)


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Таластык дыйкандар төө буурчактын баасы өтө эле арзан болуп жатканына байланыштуу Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыкканы жатышат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Депутаттын айтымында, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болгону бардык облустарды кыдырып, Таласка бир да жолу бара элек. Ал таластык дыйкандардын арасында төө буурчактын баасына байланыштуу нааразылык күчөп жатканын айтты. Момбеков президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Дөбө айылында төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышканда ишкерлер "килограммын 40-60 сомдон алабыз" деп убада бергенин, бирок азыр 25 сомдон экенин билдирди.

- Азыркы күндө таластыктардын тагдыры жаман абалга кептелди. Төө буурчактын баасы күндөн-күнгө төмөндөп отуруп 25 сомго чейин түштү. Мындай баа 2011-жылы болгон. Мен акимдер менен да бат-бат сүйлөшүп жатам, баасы төмөндөп, бир да жерде албай, эл кыйналып, "Ак үйдүн" алдына митингге чыкканы жатат, - деди ал.

Депутаттын бул билдирүүсүнө өкмөттүн парламенттеги өкүлү жооп кайтарган жок.

“Азаттык” радиосу Таластагы фермерлер менен өз алдынча да байланышып көрдү. Алардын айтымында, төө буурчактын бир килограммы 30-45 сомдун тегерегинде болуп жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG