Кыргызстанда үй куруучу компаниялардын бирдиктүү реестрин түзүп чыгуу зарыл болуп турат. Бүгүн, 25-октябрда парламенттин жыйынында ушундай талап коюлду. КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов эгер ошондой тизме түзүлсө үлүш менен там курдуруп, батир алгысы келгендердин укуктарын коргоого шарт түзүлмөк деп эсептейт.
- Жарандарыбызда куруучу тууралуу толук маалымат жок, - деди ал. - Реестрге куруучу компаниянын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү, иш тажрыйбасы, насыя тарыхы, жетекчиси тууралуу маалымат жазылып, ачыктык болот эле. Эл жарыядан көрүп алып эле алданып калып жатат.
Кийинки жылдары Бишкекте үлүштүн негизде үй куруп, батир саткан курулуш компаниялары көбөйүп, аларга алданган адамдардын катары калыңдап баратат. Себеби акчасын төлөп, бирок үй курулбай, курулса да ага документ алуу мүмкүн болбой жатат.
Үлүштүк негизде там курууга катышкандардын укуктарын коргогон мыйзам Кыргызстанда жок. Бул маселени чечүү максатында быйыл апрель айында мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Депутаттар ошол комиссиянын ишинин жыйынтыгына кызыгууда. (RK)