Жогорку Кеңеште Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөн мүлкүнүн тагдыры тууралуу маселе каралат. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишине кызыкты. Натыйжада, протоколдук тапшырма берилип, бул маселе депутаттардын кароосуна чыгарылары айтылды.
Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, азыр чет жакта жүргөндүктөн сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. 2011-жылы анын бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Бирок өзү күнөөсү жок экенин айтып жүрөт.
Батыровго жана анын жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында Жалал-Абадда “Элдик” ишканасы уюштурулган. Быйыл май айында анын жетекчиси Нурлан Сулаймановго кылмыш ишин козголгон. (RK)