Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Депутаттар Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын курат


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия келерки аптада ЖЭБдин өзүндө көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди.

Быйыл 26-январда ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген эмес. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизация болгон ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Жогорку Кеңеште окуяны териштирген депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бишкек ЖЭБи боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG