Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:17

Өкмөт башчы Баткенди кыдырат

Баткен шаары.
Баткен шаары.

Премьер-министр Баткендеги бир топ социалдык объектилердин ачылышына катышат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн аймактагы иш сапарынын алкагында Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 225 орундуу орто мектептин жана Лейлек районунун Тогуз-Булак айылындагы орто мектептин жаңыдан курулган имараттарын пайдаланууга берүү аземине катышат.

Ошондой эле ал Лейлек районунун Самат айылындагы 50 орундуу бала бакча менен №48 лицейдин имаратынын да ачылуу аземине, кечке жуук Лейлек районунун 90 жылдык мааракесине катышат. (JsA)

XS
SM
MD
LG