Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:21

Жарым жылда былтыркыдан 10 миң балага көп төрөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда былтыркы жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 10 миң балага көп төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов билдирди.

Расмий статистиканы келтирген депутат демография ушундай темп менен өсүп жаткан чакта өкмөт мектеп маселесин тез арада чечиши зарыл экенин айтты.

Эргешов Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянып, учурда жалпысынан 813 миң окуучуга эсептелген мектептерде 1 миллион 222 миң бала окуп жатканын кошумчалады. Ошондой эле ал азыр 59 миң балага эсептелген 280 мектеп курулуп жатканын, бирок ал иштерди аягына чыгарыш үчүн 9 миллиард сом талап кылынарын белгиледи.

5-октябрда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин кесиптик майрамына байланыштуу куттуктоосунда Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты оңолуп, бул тармакта иштегендерди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан.

Премьер-министр мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнү комплекстүү модернизациялоонун программасы ийгиликтүү ишке ашырылып, жаңы инновациялык технологиялар киргизилип, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасы оңолуп жатканын белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG