Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Тамчыда сабалган жигит боюнча кылмыш иши козголду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында 25 жаштагы жигиттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, Кара-Дөбө айылынын тургуну Сатар уулу Элдостун Тамчы айылында сабалышы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду.

Алгач Интернет булактарында окуяга жигиттин христиан динин тутунганы себеп болгону, аны үч киши ур-токмокко алганы айтылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүүлөр кармалып, кийин кайра кое берилген.

Окуя 16-октябрга караган түнү болгон. (AsM)

XS
SM
MD
LG