Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

НАТО “кансыз согуш” доорунан берки эң ири аскердик машыгуусуна киришти


НАТОнун Латвиядагы машыгуусу. 23-октябрь, 2018-жыл.
НАТОнун Латвиядагы машыгуусу. 23-октябрь, 2018-жыл.

"Trident Juncture" аттуу аскердик машыгуунун негизги бөлүгү бүгүн Норвегиядан башталды. Атлантиканын түндүгүнөн Балтика деңизине чейинки аймакты камтыган машыгууга НАТОнун 29 мүчөсү жана ага өнөктөш болгон Финляндия менен Швеция да катышууда.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, бул альянс үчүн “кансыз согуш” доору аяктагандан берки эң ири аскердик машыгуу. Ага 65 кеме, 250 учак, 10 миңдей аскердик унаа, 50 миңдей аскер кызматчысы тартылат.

Орусия НАТОнун эки жумага созулуучу машыгуусун сынга алды. Орусия өзү өткөн айда өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө 1981-жылдан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп, ага 300 миңдей аскер тартылган.

Москва 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аскердик турумдарын чыңдаган. Ошондой эле алар бул аймактарда буга чейин бир нече ирет аскердик машыгууларды уюштурушту. (UE)

XS
SM
MD
LG