Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Түркияда кыргызстандык келин сойкулуктан куткарылды


Түркия. Стамбул шаары.

Түркияда сойкулукка мажбурланганы сөз болгон кыргызстандык келин 23-октябрда Бишкекке жөнөтүлдү. Аны Анталия шаарында иштеген кыргызстандык жигиттер кулчулуктан чыгарып, Кыргызстанга жеткиришкен.

31 жаштагы жалгыз бой келин он күн мурда таанышы аркылуу Түркиянын Измир шаарына официант болуп иштегени кетип, бирок алданып кулчулукка кабылганын "Азаттыкка" айтып берди.

- Биринчи Стамбулга барганбыз. Андан кийин Измирге, анан андан ары бир айылга бардык. Кафе экен. Анын кардаралрынын баары эркек болчу. Мен алар менен кошо ичип-чегип, алардын айткандарын аткарышым керек экен. Бир кардарым мага сойкулук кызмат сунуш кылды. Мен ага такыр көнгөн жокмун.

Келин Түркияда иштеген мекендешине жардам сурап кайрылып, алар көмөккө келген. Бүгүнкү күндө Түркияда иштеп-жашап жүргөн 14 миңге жакын кыргызстандык расмий каттоодо турса, расмий эмес иштеген жарандардын так саны белгисиз. (AiA)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG