Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминдин бүгүн орус маалымат агенттиктерине айткандарына караганда, бүгүн Сириядагы орус аскерлеринин "Хмеймим" аскердик базасын карай 13 дрон жөнөгөн.
Дрондорду Жер ортолук деңизинин үстүнөн АКШнын "Poseidon-8" чалгын учагы көзөмөлдөгөн. Орус генералы кошумчалагандай, дрондор көздөгөн бутасына жеткенге чейин жок кылынган. Бирок орус тарап дрондор кимге таандык экенин жана окуя качан болгонун айткан жок.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалыматты “өтө кооптондурарлык” деп атады.
АКШнын расмий өкүлдөрү азырынча орус тараптын билдирүүсүнө комментарий бере элек. Бирок Пентагон "Орусиянын Сириядагы аскердик жана деңиз базасына дрондор койгон чабуулга АКШнын тиешеси бар" деген Москванын жоромолдорун буга чейин четке каккан.
Орусиянын Коргоо министрлиги быйыл январда согушкерлер анын Сириядагы эки аскердик жайына каршы чабуулда 13 дронду колдонгонун билдирген. (UE)