Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:18

Болтон: АКШ Иранды кысат


Жон Болтон жана Никол Пашинян жолуккан учур. Ереван, 25-октябрь, 2018-жыл.
Жон Болтон жана Никол Пашинян жолуккан учур. Ереван, 25-октябрь, 2018-жыл.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу бүгүн Армениянын борбору Ереванда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян менен жолуккандан кийин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы менен маектешип жатып билдирди:

- Биз Иранга мүмкүн болушунча басым көрсөтүүнү көздөйбүз. Анткени ал өзөктүк куралга ээ болуу мүдөөсүнөн баш тарткан жок, эл аралык терроризмдин борбордук казынасы бойдон калууда. Биз анын баллистикалык ракета программасынан, Сирия менен Ирактагы кадимки аскердик операцияларынан кооптонобуз. Биз санкцияларды абдан күчөтөбүз, Иранды кысабыз. Себеби Ирандын Жакынкы Чыгыштагы, дүйнөдөгү аракеттери зыяндуу жана өзгөрүүгө муктаж.

Ирандын мунай-газ секторун бутага алган АКШнын экономикалык санкцияларынын экинчи баскычы келерки айда күчүнө киргени турат. Санкциялардын кайра жанданышына АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгып кеткени себеп болду.

Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү бул келишимден чыкканын жарыялаганда, ага Иран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдө террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.

Иран президенти Хасан Роухани өткөн айда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурда АКШнын санкцияларын “экономикалык терроризмге” барабар иш катары мүнөздөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG