Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында эки карышкыр айылды аралап кирип келип, беш кишини талады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. Окуя 23-октябрда болгон. Учурда карышкыр тиш салгандардын төртөө ооруканада.
Маалыматка караганда, айылдыктар карышкырдын бирөөнү өлтүрүп алышкан. Аны текшерген учурда кутурманын белгилери аныкталган. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин айтымында, карышкырдан жабыркап ооруканага түшкөндөр кутурмага каршы вакциналарды алып жатышат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. (КЕ/JsA)