Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Европарламент Орусияга Азов деңизинен улам санкция саларын эскертти


Орусиянын Азов деңизиндеги аскерий кемеси.
Орусиянын Азов деңизиндеги аскерий кемеси.

Европарламент 25-октябрда кабыл алган резолюцияда айтылгандай, эгер Орусия Азов деңизи аркылуу эл аралык жүк ташууну блокадалоону уланта берсе, анын Москваны бутага алган санкциялары күчөтүлөт.

Өз резолюциясында Европа парламенти Орусиянын Азов деңизиндеги аракеттерин “де-факто блокада”, Украинанын “суверенитетин”, “эл аралык деңиз укугун” бузуу деп мүнөздөдү.

2014-жылы аннексияланган Крымды өлкөнүн калган бөлүгү менен кургактан туташтырган Керч көпүрөсүнүн курулушу быйыл майда аяктагандан бери Орусия кемелерин, анын ичинде Каспий флотунун аскерий кемелерин Азов деңизине коопсуздук жүйөсү менен жылдырган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу украин бийликтеринен, порт жетекчилеринен, жүк ташыган компаниялардан, эксперттерден алган маалыматтарга караганда, андан бери орус тарап Украинанын жана чет өлкөлөрдүн 148ден ашуун соода кемелерин бир нече жолу кармаган. Экипаж мүчөлөрү суракка да алынган.

Украин президенти Петро Порошенконун кеңсеси Европарламенттин резолюциясын кубаттады.

“Европа Биримдиги Орусиянын Азов деңизин жылма аннексиялоосуна жана кеме каттамдардын эркиндигин бузуусуна Украина менен чогуу каршы турат”,- деп айтылат Порошенконун билдирүүсүндө.

Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий Европарламенттин резолюциясын “толугу менен жалган” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG