АКШнын президенти Дональд Трамп орус жана кытай чалгынчылары тыңшап жаткан айфонду колдонуусун улантууда. Бул тууралуу "New York Times" гезити жазды.
Басылманын маалыматына караганда, АКШнын атайын кызматынын өкүлдөрү орусиялыктар менен кытайлыктар президенттин жеке сүйлөшүүлөрүн тыңшап жатканын эскертишкен. Анда Кытай пайдалуу маалыматтарды алып, аларды өз максаттары үчүн колдонуп жатканы белгиленген.
Былтыр июлда генерал Жон Келли администрация жетекчилигине баргандан кийин Трамп Ак үйдүн телефон түйүнү аркылуу көбүрөөк сүйлөшө баштаган. Бирок апрелде CNN телеканалы билдиргендей, көп өтпөй президент кайра эле өзүнүн корголбогон чөнтөк телефону менен сүйлөшүүгө өткөн. Трамптын жардамчыларынын айтымында, президент телефон тыңшалып жатканын эске алуу менен сүйлөшүүдө.
"The New York Times" басылмасы Кытай Трамптын ири ишкерлер менен сүйлөшүүлөрүн тыңшап, андан алынган маалыматтарды Вашингтон менен соода сүйлөшүүлөрүн жеңилдетиш үчүн колдонуп жатканын жазды.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Хоган Гидли бул маалыматтарды төгүндөп, "The New York Times" жазган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын бейшемби күнү билдирди.
“Президенттин үч чөнтөк телефону жок, анда бир гана iPhone бар жана ал коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет”, - деди ал.