Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Соттун мурдагы төрайымына иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеевага карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана мыйзамсыз чечим чыгарган" деп айыпталууда.

Мекеменин маалыматына караганда, 2016-жылдын 15-августунда ал ири өлчөмдөгү акчаны өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, Кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган. Башкы көзөмөл органы ошол доо арызды жазган кытайлык жарандын өзүнө карата мурда Кыргызстанда “Алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, ал издөөдө жүргөнүн белгилөөдө.

Жаркеевага карата козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) тергөөгө жөнөтүлдү.

Быйыл август айында Жаркеева Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Свердлов райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG