Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Милициянын "Шумкар" полкунда миллиондук мыйзам бузуу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине караштуу мекемеде 1 миллион 221 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы жума күнү кабарлады.

Атайын багыттагы “Шумкар” полкуна бөлүнгөн кара май боюнча көрсөткүчтөрдү бурмалап жазуунун натыйжасында анын 28 миң литрден ашууну эсептен чыгарылганы айтылууда.

Текшерүүнү министрликтин ички иликтөөлөр кызматы жүргүзгөн. Кызматтык унаалардын спидометрлеринин көрсөткүчтөрүн бухгалтердик документтер менен салыштырылганда жогорудагыдай айырма аныкталган.

Мындан тышкары, “Шумкардын” кампасындагы автомобилдик тетиктер да жетишсиз болуп чыккан.

Бишкек шаардык прокуратурасы бардык материалдарды изилдеп чыккандан кийин кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG