Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Зулпукаров: КСДПнын ичинде тиреш бар (видео)


Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров бул партияда өз ара тиреш бар экенин «Азаттыкка» билдирди:

- Партия менен фракциянын ортосунда ажырым жок. Партиянын ичинде чындыгында тиреш бар. Өзүңүздөр билесиздер, КСДП - чыныгы демократиялык партия.

Зулпукаров партиянын ичинде кимдер тирешип жатканын тактаган жок. Ал КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДП» деген чакырык менен жыйын өткөрүп жаткандарды кабыл алганы тууралуу сөз бар экенин кошумчалады. Бирок жыйында кайсы маселе көтөрүлгөнүнөн кабарсыз экенин айтты.

Буга чейин "Атамбаевсиз КСДП" деген чакырык менен төрт облуста жыйындарды уюштурган​ Сагынбек Абдрахманов Иса Өмүркуловдун кабыл алуусунда болгонун жана ал өзүн колдогонун билдирген.

Өмүркуловдон бул тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек. Быйыл март айында КСДПнын жыйыны өтүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы болуп шайланган. Буга чейин КСДП "Сагынбек Абдрахманов саясий кеңештин чечими менен былтыр партиянын катарынан чыгарылган" деген маалымат тараткан. ​(BTo)

Зулпукаров: КСДПнын ичинде тиреш бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

XS
SM
MD
LG