БУУнун инспекторлору АКШнын аскердик кемеси августтун аягында Йемендин жээгинде колго түшүргөн курал-жарактын Ирандан же Сомалиден келатканын текшерип жатышат. Америкалык бийлик өкүлдөрү "Иран Йемендин өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан шиит хуситтерди курал менен тымызын камсыз кылып жатат" деп көптөн бери шектенишүүдө. Тегеран бул дооматты четке кагып келатат.
БУУнун резолюциясы 4 жылдан бери уланып келаткан жарандык согуштагы тараптардын бири - хусит козголоңчуларын куралдандырууга тыюу салат.
Ошол эле учурда Йемендин жээгин патрулдаган АКШ аскерлери аткезчилик жол менен ташылган курал-жаракты саналуу гана жолу колго түшүрүшкөн. 25-октябрда америкалык вице-адмирал Жэйсон Стирни Перс жана Аден булуңдарын «аткезчиликтин чоң коридору» деп атады.
Стирни кемеге чакырылган инспекторлор Ирандан, Йеменден жана Сомалиден тараган мыйзамсыз курал боюнча адистер экенин кошумчалады.