Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Эрдоган Саудиянын бийлигин Хашогжинин сөөгү катылган жерди көргөзүүгө үндөдү


Түрк жоокери.
Түрк жоокери.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сауд Арабиясынын бийлигин киши колдуу болуп өлгөн журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүгү катылган жерди көргөзүүгө чакырды. Эрдоган "саудиялык агенттер журналисттин көзүн тазалагандан кийин анын сөөгүн катууга жардамдашкан “жергиликтүү адамдардын” аты-жөнүн Эр-Рияд ачыкка чыгарышы керек" деди.

АКШда жашап, “The Washington Post” гезитине макала жазып жүргөн Хашогжи 2-октябрда падышалыктын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн.

Эрдогандын айтымында, Саудиянын прокурору 28-октябрда Түркияда Стамбул шаарынын прокурору менен жолугушмакчы.

Сауд Арабиясынын прокурору журналистти тындым кылуу алдын-ала пландалганын бейшембиде билдирген. Буга чейин падышалыктын расмий адамдары Хашогжини кокусунан өлтүрүп алышканын айтып келишкен.

Ал арада маркумдун улуу баласы АКШга барды. Анын алдында Саудия аны өлкөдөн чыгарбоого салган тыюуну алып салган.

Кош жарандыгы бар Салах бин Жамал Хашогжи ханзаада Мохамед бин Салман менен кол алышып жатканы тартылган сүрөттөр аптанын башында тараган. Ханзаада журналист консулдукта өлтүрүлгөнүн моюнга алган.

Эл аралык коомчулук Мохамед бин Салманды "Хашогжинин саудиялык коопсуздук кызматкерлери катары сөз болгон адамдар тарабынан өлтүрүшү тууралуу билген" деп сындап келатат. Айрымдар ал түгүл "падышалыкты сындап жүргөн журналисттин көзүн тазалоого ханзаада өзү буйрук берген болушу ыктымал" деп шектенишет.

XS
SM
MD
LG