Кошмо Штаттар менен Орусия кансыз согуш доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми БУУда талаша турган болууда. Москванын келишимди сактап калуу маселесин Башкы ассамблеяда добушка салуу аракетине Вашингтон каршы чыгып жатат.
Орус дипломаттары Башкы ассамблеянын Куралсыздануу боюнча комитетине тиешелүү резолюция долбоорун 25-октябрда киргизишти.
Анда Вашингтон менен Москванын дарегине Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди сактап калуу жана эки өлкөнү камтама кылган жагдайлар боюнча сүйлөшүү баштоо чакырыгы айтылган.
Америка мындай резолюцияны киргизе турган мөөнөт өтүп кетти деген жүйө келтирүүдө.
Вашингтон келишимди бузганы үчүн Москваны 2014-жылдан тарта ачык айыптап келген. Орусия болсо мунун далилдери жок жана келишимден чыгуу кайра жарыша куралданууга алып барат деп эсептейт.
Ракеталык келишимдин тагдыры президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамптын 11-ноябрда Парижде күтүлгөн кездешүүсүндө да талкууланмакчы.
Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол коюшкан.