Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Google сексуалдык асылуу айыбы менен 48 кызматкерин жумуштан кетирди


Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичаи.

Google компаниясы эки жылда сексуалдык асылуу айыбы менен 48 кызматкерди жумуштан кетирди. Алардын арасында 13 топ-менеджер болгон. Бул тууралуу компаниянын директору Сундар Пичаинин New York Times гезитине жолдогон катында айтылган.

Пичаинин катында Google өз кызматкерлеринин жумуш учурундагы коопсуздугуна өтө олуттуу карай турганы, адепсиз кылык-жоруктар тууралуу түшкөн ар бир арыз иликтенип чыгары айтылган. Ал сексуалдык асылууга айыпталып жумуштан бошотулган кызматкерлердин бири дагы компенсация албаганын баса белгилеген.

Буга чейин New York Times гезити Android операциялык системасын иштеп чыккан Энди Рубин жосунсуз жоруктары үчүн иштен кетип жатып, 90 миллион доллар алганын жазган. Рубин бул айыптоолорду четке кагып, ажырашуу алдында аялы ага жалган жалаа жапканын билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG