Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Өзбекстандыктар мындан ары Ташкентте туруктуу каттоосу жок иштей алат


Өзбекстандын Юстиция министрлиги бейшембиде парламентке “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жолдогон.

Документке ылайык, жакын арада өлкө жарандары Ташкентте туруктуу каттоосу жок иштей алат.

Мыйзам долбоору жумушту эркин тандоо, өлкө ичинде ээн-эркин жүрүү боюнча жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыздоого багытталган. Мыйзам долбоору парламенттин колдоосуна ээ болду.

Буга чейин өзбек жарандары борбор калаанын жаңы конуштарынан үй сатып алган шартта гана Ташкент шаарына жана Ташкент облусуна туруктуу каттоого тура алышкан.

XS
SM
MD
LG