Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Молдокматов: “Замандаш” бийликтин партиясы болбойт


"Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов

Партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Замандаш” саясий партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого жаңы программа менен бара турганын жарыялады.

“Азаттык” радиосунуна курган маегинде Молдокматов саясий айдыңдагы “Замандаш” азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жакын адамдарынан куралган партия болот” деген сөздөргө мындай жооп берди.

- Албетте шайлоо учурунда Сооронбай Шариповичке ишенимдүү адам болгонум үчүн азыр байланыштырып жатышат. Бирок анын партияга тиешеси жок. Анын үстүнө партиянын саясий кеңеши бардык маселени чечет. Азыркы парламентте мурунку президенттин жакын адамы тизмесин түзүп, шайлоого үч ай калганда пайда болгон партиялар бар. Ага салыштырмалуу “Замандаш” он жылдан ашык тарыхы менен белгилүү.

26-октябрь күнү “Замандаш” партиясы “Келечек 4.0” аталыштагы программасын коомчулукка тартуулады. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий, коомдук ишмерлер жана журналисттер катышты. “Келечек 4.0” программасында дүйнөдөгү экономика, сөз эркиндиги, заманбап технологиялар тармагындагы бардык тенденциялар эске алынганы маалымдалат.

“Замандаш” саясий партиясын ишкер, маркум Мухтар Өмүракунов түптөгөн. Партия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого бир нече жолу катышкан. "Замандаш" саясий партиясы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG