Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

ИИМ: ар кандай документ алуу жеңилдетилет


Ички иштер министрлигинин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунда “Бирдиктүү терезе” системасы ишке кирди.

27-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков жана коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев борбордун техникалык мүмкүнчүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов ар кандай документтерди берүү жана жарандарды тейлөө, кызматтын түрлөрү жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, борбордо төлөмдөрдү кабыл алуу бөлүмдөрү жана электрондук кезек аппараты орнотулган.

“Бирдиктүү терезе” системасына ылайык, жарандарга зарыл документтерди чогултуу үчүн бир нече бөлүмдөргө кайрылып, узун кезекте турбастан кыска мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жаңы система коррупцияны азайтууга өбөлгө түзөрү да айтылды.

Ички иштер министрлигинин кызмат көрсөтүү борбору жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы, автоунаа, курал-жаракка, жардыруучу заттарга байланыштуу ар кандай уруксат кагаздарын берет. Бул борборго күнүнө 400дөн 700гө чейин киши кайрылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG