Өзбекстанда элге билим берүү министринин 24 жаштагы орун басары Алишер Садуллаев кызматтан кетти. Мындай жарлыкка президент Шавкат Мирзиеев кол койгону белгилүү болду. Садуллаев былтыртан бери министрдин орун басары болуп иштеп келген. Ташкенттеги Сингапур менеджментти өнүктүрүү институтунун бүтүрүүчүсү болгон Алишер Садуллаев ага чейин "Result" окуу борборун жетектөчү.
Министрдин эң жаш мурунку орун басары эми Өзбекстандын жаштар союзунун төрага орун басарлыгына дайындалганы кабарланды.