Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Пакистан соту индиялык тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салды


Индиялык тасма.
Индиялык тасма.

Пакистандын Жогорку соту телеканалдардан индиялык тасмаларды, оюн-зоок берүүлөрдү көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Пакистандын маалымат каражаттарын тескөө башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жогорку соттун башкы судьясы Сакиб Нисар “уюлдук, кабелдик жана башка каналдардан бардык индиялык контентти көрсөтүүгө тыюу салуу” боюнча чечим чыгарган. Пакистанда чыкчу гезиттердин жазышынча, Нисар чечим кабыл алууда Индиянын өлкөгө келчү дарыяларга плотина куруу менен суунун агымын азайтып жатканын мисал келтирип, “эмне себептен биз алардын каналдарын жаппашыбыз керек?” деген суроо койгон.

Пакистанда индиялык тасмалар популярдуу. Көптөгөн пакистандык актер, ырчылар Болливуд менен кызматташат.

Бул өлкөнүн кабелдик операторлор бирикмесинин башчысы Халид Арейн сот дал ушундай чечим чыгарганын ырастап, бирок каршы экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG