АКШнын Питтсбург шаарындагы синагогага кол салды деп шектелген 46 жаштагы Роберт Бауэрске 29 берене боюнча айып тагылды. Кылмышка шектүүгө карата “адам өлтүрүү”, “адамга кол салуу” беренелеринен сырткары “диний кастыкты козутуу”, “диний эркиндикти чектөө” айыбы да тагылды.
АКШнын башкы прокурору Жэфф Сешнс тагылган айыптар далилденсе Бауэрс өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айтты. Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп мындай кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартуу керек деген пикирин билдирген.
27-октябрда «Л'Симха» деп аталган синагогада ишемби күнкү диний жөрөлгө өтүп жатканда куралчан адам кирип барып ок аткан. Андан 11 адам мерт болуп, алты адам жаракат алды.
Америкалык маалымат каражаттары кол салууга шектүү AR-15 үлгүсүндөгү мылтык жана төрт тапанча менен куралданган.
"Reuters" агенттиги кылмышка шектүү Бауэрс социалдык тармактардагы баракчасына жөөттөрдүн кайрымдуулук уюмуна каршы пост жазып, аларга каршы чыгууга чакырык таштаганын жазып чыкты. Буга байланыштуу кол салууну антисемиттик аракет катары бааланды.
АКШ президентинин буйругу боюнча бардык мамлекеттик мекемелерде желектер ылдый түшүрүлүп, кол салуунун курмандыктарын эскерүү акциялары өтүүдө.