Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:10

ЕККУ Орусияда "The New Times" журналына айып салынышын сындады


Евгения Альбац
Евгения Альбац

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дизер Орусиянын бийлигин "The New Times" журналына салынган 22 миллион рубль өлчөмүндөгү айыпты төлөтүүдөн баш тартууга чакырды. 28-октябрда тараткан билдирүүдө ЕККУнун өкүлү айыптын өлчөмү “абдан көп” жана соттун чечимин “чектен чыгуу” деп атады. Дизердин айтымында, соттун мындай чечими Орусиядагы сөз эркиндигине кедергесин тийгизет. Ошондой эле уюмдун өкүлү кийинки баскычтагы сот мыйзамдуу чечим чыгарат деген үмүтүн билдирип, орус бийлигин “чет элдик агенттер” боюнча мыйзамды кайра карап чыгууга чакырды.

26-октябрда Москва соту "The New Times" журналын жана анын редактору Евгения Альбацты чет өлкөдөн каржыланганы боюнча өз убагында маалымат бербегени үчүн айыпка жыккан. Сот чечимине ылайык, журнал 22 миллион 250 миң рубль, ал эми Альбац 30 миң рубль айып төлөшү керек.

Евгения Альбац соттун мындай чечимине даттанарын айтты. Редактордун ырасташынча, бул иш көптөн бери прокуратурада турган. Бирок 26-октябрда саналуу сааттардын ичинде шашылыш каралып, чечим кабыл алынган. Муну журналист оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдан алган интервьюсу менен байланыштырып жатат.

XS
SM
MD
LG