Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Орусия: экстремизм боюнча айыпталгандарды колдогон акцияга катышкандар кармалды

Ростов-на-Дону шаарындагы акция. 28-октябрь, 2018-жыл.
Ростов-на-Дону шаарындагы акция. 28-октябрь, 2018-жыл.

Орусияда экстремизм боюнча айыпталып камакка алынган жаштарды колдоо акциясында ондогон активисттер кармалды. «Азаттыктын» орус кызматы билдиргендей, жекшембиде ар кайсы шаарларда өткөн нааразылык акцияларында полиция жалпысынан 60ка жакын адамды кармап кетти. Протокол түзүлгөндөн кийин көпчүлүгү кое берилип, бир нечеси эртең мененкиге чейин полиция бөлүмүндө калтырылган.

Акция «Биздин жана силердин балдар үчүн!» деген ураан алдында өттү. Аны «Новое величие» жана «Сеть» уюмдарынын экстремизм боюнча айыпталып жаткан активисттеринин ата-энелери уюштурган.

«ОВД-Инфо» сайтынын маалыматына караганда, айыпталгандарды камактан чыгарууну, аларга козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылган акциялар бир нече шаарларда болду. Анын катышуучулары активисттердин күнөөсүз экенин жана алар атайын кызматтын чагымы менен кармалганын айтышты.

Москвада эле Федералдык коопсуздук кызматынын алдында 500гө чукул киши чыкты.

Москванын жетекчилиги акцияга уруксат берген эмес. Акция өткөрүүгө Кремлге жакын SERB уюмунун активисттери жолтоо болушту.

Москвада жалпысынан 18 киши кармалды. Санкт-Петербургдагы акцияда полиция 40 кишини, анын ичинде он эки жаштагы секелекти жана бир нече өспүрүмдү кармап, кайра чыгарганы кабарланды.

Ушундай эле акциялар Ростов-на-Дону, Новосибирск, Пенза жана башка шаарларда да өттү. Аталган уюмдардын 20дан ашык активисти экстремизм боюнча айыпталып, тергөө абагында отурат. Айрымдары үй камагында.

​
XS
SM
MD
LG