Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:17

Ошто көкбөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтүп жатат


Көкбөрү. Буга чейин өткөн оюндардын биринен тартылган сүрөт.
Көкбөрү. Буга чейин өткөн оюндардын биринен тартылган сүрөт.

Ошто 29-октябрда көкбөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, спорттук иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда.

Мелдештер Ош шаарындагы "Төлөйкөн" ат майданында 3-ноябрга чейин уланат. Оюндарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 9 команда катышат. Байге фонду эки миллион сом.

Иш-чаранын алкагында “Жаныбарым Гүлсары” деген ат оюндары да болот. Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак.

XS
SM
MD
LG