Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Грузияда шайлоонун экинчи айлампасы болот

Шайлоого 25 талапкер ат салышты.
Шайлоого 25 талапкер ат салышты.

Грузиядагы президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири да жекшемби күнкү добуш берүүдө биринчи айлампада утуп чыгыш үчүн 50 пайыздан көп добуш ала алган жок. Бул тууралуу Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 99 пайызы саналгандан кийин билдирди. Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы колдоого алган Саломе Зурабишвили 38,6 пайыз добуш алды, ал эми оппозициялык талапкер Григол Вашадзе 37,7 добуш менен келатат.

Оппозиция бийликти "добуштарды бурмалоого аракеттенип жатат" деп айыптады. Ал эми мурдагы президент, учурда өлкө сыртында жүргөн Михаил Саакашвили шайлоонун жыйынтыгы бурмаланса, "элдин кыжырдануусу толкун болуп көтөрүлөт" деп эскертти.

Мыйзам боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгын кабарлоого 20 күн берилет, ушул аралыкта акыркы жыйынтык чыгарылып, шайлоонун экинчи айлампасы белгилениши керек.

Шайлоого 25 талапкер ат салышты. Экс-президент Михаил Саакашвили бийликте турганда Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган оппозициялык талапкер Вашадзе шайлоо өнөктүгү учурунда өлкөдөгү олигархиялык бийлик системасын жоюуга убада берди.

Мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабашвили өз алдынча талапкер деп эсептелгени менен, анын артында бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы турат. Эгер 66 жаштагы Зурабашвили утса, ал Грузия тарыхындагы алгачкы аял президент болот.

Азыркы президент Георгий Маргвелашвили бул жолу шайлоого катышкан жок. Грузияда 3,5 миллионго жакын шайлоочу бар.

Бул саясий өнөктүк - Грузиянын жарандары президентти түз шайлаган акыркы шайлоо.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти парламенттин депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирген, 300 адамдан турган шайлоочулар жамааты шайлайт. Грузияда президенттин бийлик укуктары чектелүү.

XS
SM
MD
LG