Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Бразилияда президенттик шайлоодо оңчул саясатчы жеңди


Бразилиянын жаңы шайланган президенти Жаир Болсонару.
Бразилиянын жаңы шайланган президенти Жаир Болсонару.

Бразилиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында оңчул конгрессмен Жаир Болсонару жеңишке жетти.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, 28-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Болсонару 55,5 пайыз, ал эми анын атаандашы, Жумушчулар партиясынын талапкери Фернандо Аддад 44,4 пайыз добуш алды. Бразилияда 147 миллион шайлоочу катталган. Шайлоодо утканы жарыяланган соң Болсонару: "Биз Бразилиянын тагдырын бирге өзгөртөбүз" деп билдирип, "Инжил менен Конституцияны жетекчиликке алып иштөөгө" убада берди.

"Биз мындан ары солчулдардын бир туруп социализмине, бир туруп коммунизмине, популизмине же экстремизмине кылчактап жашай албайбыз", - деди Болсонару.

Акыркы кезде бир катар коомдук ишмерлер Социал-либералдык партиянын талапкери Жаир Болсонару бийликке келсе, демократияга коркунуч туулушу мүмкүн экенин эскертип, шайлоочуларды Фернандо Аддадка добуш берүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG