Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Орусияда репрессия курмандыктары эскерилүүдө


Маалыматтарга ылайык 1930-жылдары Москванын өзүндө эле 40 миң киши атылган. 
Маалыматтарга ылайык 1930-жылдары Москванын өзүндө эле 40 миң киши атылган. 

Орусиянын бир катар шаарларында бүгүн, 29-октябрда саясий репрессия курмандыктары эскерилүүдө. Москванын Лубянск аянтында таңкы саат 10дон кечки саат 10го чейин репрессия курмандыктарынын аты-жөнү жарыя окулуп турат.

“Тоталитардык мамлекет адамдарды өлтүрүп гана койбостон, аларды такыр унуттуруш үчүн аттарын тарыхтан өчүрүүгө аракет кылган. Жаманатты болгондор жана өлтүрүлгөндөр тууралуу эстөө - бул диктатураны четке кагуу, бул биздин эркиндикке карай кадамыбыз” деп айтылат акциянын уюштуруучусу, "Мемориал" эл аралык укук коргоо кыймылынын маалыматында.

Акция бул жылы 12-жолу уюштурулуп жатат. Бирок дагы эле репрессия курмандыктарынын аттары толук окулуп бүтө элек. Маалыматтарга караганда, 1930-жылдары Москванын өзүндө эле 40 миң киши атылган.

Москванын бийлиги Лубянкадагы ремонт иштерине байланыштуу башында бул акцияны өткөрүүгө каршылык билдирген.

Орусияда репрессия курмандыктары Жогорку Советтин 1991-жылдагы чечими менен 30-октябрда белгиленип келет.

XS
SM
MD
LG