Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Казакстанда терроризмди жайылтуу боюнча шектүү катары он киши кармалды


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин сүрөтү.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин сүрөтү.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Алматы шаарында, Акмоло, Караганды жана Алматы облустарында 10 киши "терроризмди жайылткан" деген шек менен камакка алынганын кабарлады. Комитеттин 29-октябрдагы маалыматына караганда, алар эки күн мурда колго түшүрүлгөн. Атайын кызмат кармалгандар "Интернеттеги социалдык тармактарда жана мессенжер түйүндөрүндө экстремисттик материалдарды таратып, терроризмди жайылткан жана диний кастыкты козуткан” деп билдирүүдө.

Мекеме алардын терроризмди каржылоого жана бул сыяктуу уюмдарга колдоо көрсөтүүгө тиешеси бар-жогу да текшерилип жатканын кошумчалады.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети “экстремизм менен терроризмди жайылтты", "социалдык, улуттук, уруулук же диний кастык козутту” деп, кез-кез атайын операция жүргүзүп, адамдарды колго түшүрүп келе жатат.

XS
SM
MD
LG