Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Ноокенде 12 жаштагы бала пахтага тумчугуп калды


Жыйналган пахта.
Жыйналган пахта.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 12 жаштагы бала үйүлгөн пахтанын алдында калып көз жумду. Ал кошуна үйдүн жанындагы ак була жыйналган жерде ойноп жаткан кезде эки тоннадай пахта басып калган.

Облустук милициянын маалымат кызматы кабарлагандай, окуя 27-октябрда Сакалды айылында болду. Милициянын каттоо китебине кырсык "кокустук" катары тиркелди. Маркумдун жакындары эч кимге доосу жок экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG